БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ: Москвадагы кол салуудан кыргыз жарандары жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

ТИМ: Москвадагы кол салуудан кыргыз жарандары жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

Москвада концерттик залга кол салуудан кийинки абал/ Сүрөт: "РИА новости"

Москвадагы Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кол салууда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жабыркаган жарандар арасында кыргызстандыктарды тактоо иштери жүрүп жатат. Министрлик жана Кыргызстандын Элчилиги кырдаалды байкоону улантууда.

Эске салсак, 22-март күнү Москвадагы Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл"концерттик залында ок атуу болду. Орусия бул окуяны "теракт"деп кылмыш ишин козгоду. Окуяда 60 адам каза болгону айтылып жатат. Жабыркагандар 140тан ашат.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей