БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ Орусияда балдарын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандыктар тууралуу үн катты

ТИМ Орусияда балдарын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандыктар тууралуу үн катты

ТИМдин имараты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Москва облусунда кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жаткан окуя боюнча комментарий берди. 

Министрлик бул маселе боюнча элчилик тарабынан Орусиянын президентинин администрациясына,Тышкы иштер министрлигине жана Билим берүү департаментине бир нече кайрылуулар жөнөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле өлкөнүн президенттик аппаратына бир нече жолу консультациялар өткөрүлгөн.

Орусиядан алынган маалыматка ылайык, балдарды мектепке киргизүүдөгү кыйынчылыктар биринчи кезекте айрымдарында бош орундардын жоктугуна байланыштуу болууда. ТИМ ушул жылдын 18-сентябрына карата Москва шаарында жана Москва облусунда 224 бала кезек күтүп жаткандыгын кошумчалады.

Буга чейин Орусиядагы мигранттар балдарын мектепте жайгаштырууда көйгөй жаралып жатканы маалым болгон. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей