БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ Орусияда кармалган 20 жаштагы ;жигиттин иши тууралуу маалымат берди

ТИМ Орусияда кармалган 20 жаштагы ;жигиттин иши тууралуу маалымат берди

Сүрөттө Нурмухаммед Токобаев

Тышкы иштер министрлиги Орусияда баңгизат сатууга шек саналып кармалган 20 жаштагы Нурмухаммед Токобаевдин иши тууралуу маалымат таратты.

Мекеменин тараткан маалыматына ылайык, ал 2-апрелде маңзатты мыйзамсыз жасоого же сатууга" шек саналып камакка алынган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ага укуктук жардам берүү маселесин караштырып жатканын маалымдаган. Ошондой эле "Орусиянын укук коргоо органдары Нурмухаммед Токобаевди Украинадагы согушка барууга мажбурлаганы" тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди.

Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну Нурмухаммед Токобаев Токобаев 2023-жылдын ноябрь айында Орусиянын Москва шаарына кетип, курулуш тармагында иштеп баштаган. Үстүбүздөгү жылдын март айынан тартып жүк жеткирип берүү кызматына өткөн.

Токобаевдин ата-энеси 3-апрелде маалымат жыйын өткөрүп, уулу баңгизат ташууга шектелип 1-апрелде Москва шаарында кармалганын айтып,  президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден жардам сурап, кайрылуу жолдошкон.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей