БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ТИМ Орусияда жаңы жылдан баштап миграциялык мыйзамдар өзгөрөрүн маалымдады

ТИМ Орусияда жаңы жылдан баштап    миграциялык мыйзамдар өзгөрөрүн маалымдады

ТИМ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда 2025-жылдан тарта чет элдик жарандарды көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган мыйзамдар күчүнө кирерин эскертти.

Маалыматка караганда, 1-январдан тарта чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү мөөнөтү 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылат. 

Бул чектө Орусияда тиешелүү уруксат документтери – эмгек келишими же жарандык-укуктук келишими, убактылуу же туруктуу жашоого уруксаты жок мигранттарга колдонулат.

Министрлик мындан сырткары Орусияда 5-февралда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирерин кабарлады. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. 

Расмий мааалыматтарга караганда, ушул тапта Орусияда 334 миңдей кыргыз жараны жашап, иштеп жүрөт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала