БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ТИМ Пакистандагы терактыда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди

ТИМ Пакистандагы терактыда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди

Сүрөт: snob.ru

Пакистандын Кветта шаарындагы терактан каза тапкандардын, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилиги мекендештер менен байланышта.

Пакистанга барган кыргызстандыктар: +923303717771 жана +923350802525 телефон номерлерине маалымат алуу үчүн чалса болот. 

Кечээ, 9-ноябрда Пакистандагы кооптуу аймактарынын бириндеги темир жол бекетинде жардыруу болду. Анда жыйырмадан ашык адам өлүп, бир топ киши жарадар болгону айтылууда. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 390 макала