БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ соцтармакта тараган видео тууралуу билдирүү таратты

ТИМ соцтармакта тараган видео тууралуу билдирүү таратты

Сүрөт: ТИМ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Екатеринбург шаарындагы мигранттарга байланыштуу рейд учурунда тартылып, социалдык тармактарда тараган видео-кадрларга байланыштуу билдирүү таратты.

"Екатеринбургдагы үч курулуш объектисинде 150 чет элдиктин ичинен Кыргызстандын 40 жаранынын документтерин текшерүү фактысы аныкталды. Кыргызстандын жарандары тарабынан миграциялык мыйзам бузуулар аныкталган эмес жана аларга карата Россия Федерациясынын аймагынан административдик түрдө чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган эмес," -деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле билдирүүдө рейд болгон жердеги кыргызстандыктардын айтымына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жарандары качып, укук коргоо кызматкерлеринен жашынууга аракет кылганы айтылат. Ушуга байланыштуу полиция тарабынан аларды кармоо, ошондой эле текшерилип жаткандардын эркин жүрүүсүнө чектөө чаралары көрүлгөн. Ал эми Кыргызстандын жарандары укук коргоо органдарынын аракеттерине каршы жазуу жүзүндөгү арыздан баш тартышкан.

Башкы консулдук Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдары тарабынан эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген жарандардын кадыр-баркына шек келтирген мындай ыкмаларды колдонуунун мыйзамдуулугун Орусиянын көзөмөл органы текшерип жатканын белгиледи. 

Мунун алдында социалдык тармактарда видео, сүрөттөр тараган. Анда Орусиянын Екатеринбург шаарындагы курулуш иштеринде иштеп жаткан мигрантарга карата рейддер өткөрүлүп жаткандыгы айтылган. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей