БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ Тайландда зордуктоого шектелген кыргызстандык тууралуу маалымат берди

ТИМ Тайландда зордуктоого шектелген кыргызстандык тууралуу маалымат берди

ТИМдин башкы имараты

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жаран Тайландда зордуктоого айыпталып жатканы тууралуу маалыматтарга 11-сентябрда комментарий берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны зордуктоого айыпталган кылмыш иши боюнча Тайланддын тиешелүү органдары тергөө аракеттерин жүргүзүүдө. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги шектүү жаран менен байланышып, ага зарыл болгон укуктук-консулдук жардам берип жатат. Өлкөнүн Тайланддагы Ардактуу консулу көмөктөшүп жатканы кабарланган.

ТИМдин маалыматында кыргызстандык жаран кабылган иштин чоо-жайы тууралуу жазылган эмес.

Автор: Т-Медиа > 354 статей