БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ТИМ учак кырсыгынан жабыркаган бир кыргыз жаранынын абалы оор экенин кабарлады

ТИМ учак кырсыгынан жабыркаган бир кыргыз жаранынын абалы оор экенин кабарлады

Сүрөт: 24KZ - ЖАҢАЛЫҚТАР

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Мангыстау облусундагы учак кырсыгына кабылган үч кыргызстандыктын экөөнүн абалы жакшы, бирөө оор абалда экенин билдирди.

Маалыматка караганда, Азербайжандык, орусиялык жана казакстандык дарыгерлердин чечиминен кийин ал өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратына жаткырылган.

ТИМ медициналык адистердин сунушуна ылайык, ага кандайдыр бир хирургиялык процесстерди баштоо мүмкүнчүлүгү анын абалы турукташкандан кийин гана каралат экенин кабарлаган.

Ошондой эле учак кырсыкта жабыркаган кыргызстандыктардын жакындарын 28-декабрда Казакстанга алып баруу пландалып жатканы маалымдалды.

25-декабрда Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган. Анда жалпы 65 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. 

"КазАэроНавигация" ишканасы кырсык учактын канаттуулар менен кагылышынан жана башкаруудагы катачылыктан улам болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала