БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жапаонияда кыргызстандык беш жаран баш калкалоочу жайларга эвакуацияланды

Жапаонияда кыргызстандык беш жаран баш калкалоочу жайларга эвакуацияланды

Жапония

Жапонияда катталган жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу 2-январда Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Жапониядагы элчилигине таянып кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, Тоямба шаарында жашаган кыргызстандык беш жаран коопсуз аймактарга көчүрүлдү. 

"Учурда Тышкы иштер министрлиги жана Жапониядагы элчилик кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Кыргызстандын ал жакта жашап жаткан жарандары менен байланышып жатат. Зарылчылык болгон учурда элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылса болот", -деп айтылат маалыматта.

2024-жылдын 1-январында Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Зилзаладан кеминде отузга жакын адам каза болуп, ондогон кишилер жарадар болгону кабарланууда. Кырсыктын масштабы куткаруучулар жабыркаган аймактарга жеткенде толугу менен белгилүү болот.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей