БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ТИМ:Өзбекстан менен Түрксмөнстан суюлтулган газ берет

ТИМ:Өзбекстан менен Түрксмөнстан суюлтулган газ берет

Интернеттен алынды

Бишкек ТЭЦтеги аварияга байланыштуу Өзбекстан Анжиандан Ошко суюлтулган газ толтурулган баллондорду жөнөттү. Түркмөнстан гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга суюлтулган газ берүүгө даяр экенин билдирди.  Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

 

Билдирмеге ылайык, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзбекстандык кесиптеши Бахтиёр Саидов жана түркмөнстандык кесиптеши Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анын жүрүшүндө алар өлкө башчылары Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиеев жардам боюнча тиешелүү тапшырма беришкенин билдиришкен.

Буга чейин Орусия дагы Бишкек ТЭЦиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр экенин айткан.

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Даргерлер экөөнүн абалы оор экенин билдирди. Бүгүн, 3-февралда, шаардыктарга ысык суу менен жылуулук акырындык менен бериле баштады.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 макала