БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Төкмө акын Болот Назаров "Манас" улуттук театрына жумушка кирди

Төкмө акын Болот Назаров "Манас" улуттук театрына жумушка кирди

Сүрөт: Манас театры

Төкмө акын Болот Назаров "Манас" улуттук театрына жумушка кирди. Бул тууралуу 7-февралда аталган театрдан кабарлашты.

Тиешелүү арызга мекеменин жетекчиси Азиз Биймырза уулу кол коюп, төкмө акынга алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады.

Назаровго козголгон кылмыш иштери

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Болот Назаровду 2022-жылы 9-ноябрда "Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган" деген шек менен кармаган. Милициянын версиясы боюнча, аларга жашоочулардын бири кайрылып, Назаров анын жашы жете элек уулунан минип жүргөн атын сүрөткө түшүп алайын деген шылтоо менен сурап алып, өспүрүмгө "күч колдонуп, белгисиз тарапка чаптырып" кеткенин билдирген.

Акынга Кылмыш-жаза кодексинин "Тоноо" беренеси менен иш козголуп, Москва райондук соту аны бир айга СИЗО-1ге камакка алуу чечимин тандаган. Назаров абакта болжол менен үч ай отуруп чыккан. Былтыр 24-январда Чүй облусунун Москва райондук соту тараптардын макулдашууга жетишкендигинин негизинде кылмыш ишин кыскартып, камактан бошоткон.

Ютуб-каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап жүргөн Назаровго буга чейин да иш козголгон. 2022-жылы 23-январда милиция аны иликтөөчү журналист Болот Темиров менен кошо кармап, кийин үй камагына чыгарган.

Ички иштер министрлиги акын менен журналист баңгизатты мыйзамсыз колдонууга жана сактоого айыптаган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы брифингде наркологиялык текшерүүдөн төкмө акындын анализдери таза эмес чыкканын айткан. Ал эми адвокат Нурбек Токтакунов Темировго да, Назаровго да кармоо учурунда маңзатты атайылап салып коюшканын белгилеген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей