БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Төлөнөвдун ордуна Жайлообай Нышанов депутат болду

Төлөнөвдун ордуна Жайлообай Нышанов депутат болду

Сүрөт: БШК/ Жайлообай Нышанов

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Чынберди Төлөнөв мандатын тапшырып, ордуна Жайлообай Нышанов келди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-декабрда кабарлады. 

БШКнын маалыматына караганда, Төлөновдун мандаты өзү жазган арыздын негизинде алынган. Өзү азырынча себебин айта элек. 

Чынберди Төлөнов былтыр ноябрда диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Фархат Исмаиловдун ордуна келген болчу.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишке киришкен. Анда жалпы 90 депутат - 36сы бир мандаттуу округдан, 54ү партиялык тизме менен шайланган. 

Андан бери 21 эл өкүлүнүнүн мандаты ар кандай жагдайда алынган. Алардын ордуна башка эл өкүлдөрүн тандоо үчүн онго жакын бир мандаттуу округдарда кайра шайлоо өткөрүлдү.

Автор: Осмонова Айдана > 812 макала