БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Түндүк" тиркемесинде санариптик пенсиялык күбөлүк жеткиликтүү болду

"Түндүк" тиркемесинде санариптик пенсиялык күбөлүк жеткиликтүү болду

Түндүк тиркемесинин логотиби

"Түндүк" мобилдик тиркемесинде пенсиялык күбөлүк санариптик документи жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, пенсиялык күбөлүктүн санариптик документи кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ. Ошондой эле аны мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот.

Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

- "Түндүк" тиркемесин AppStore же PlayMarket онлайн дүкөндөрүнөн жүктөө;

- Булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;

- Тиркемеде "Санариптик документтер" бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуу.

Учурда кыргызстандыктар санариптешкен паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатын каттоо, туулгандыгы тууралуу, пенсиялык күбөлүк, нике жана никени бузуу тууралуу күбөлүктөрүн колдоно алат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей