БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Түндүк" тиркемесине санариптик дагы эки документ кошулду

"Түндүк" тиркемесине санариптик дагы эки документ кошулду

"Түндүк" тиркемеси

"Түндүк" мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемесине дагы эки документ кошулду.  Алар нике күбөлүгү жана никени бузуу тууралуу күбөлүгү. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министирлиги маалымдады. Аталган санариптик документтердин электрондук варианты кадимкидей юридикалык күчкө ээ болот. 

Учурда кыргызстандыктар санариптешкен паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатын каттоо, туулгандыгы тууралуу, нике жана никени бузуу тууралуу күбөлүктөрүн колдоно алат. 

Министрлик мындан сырткары санарип документтерге жакында пенсиялык күбөлүк дагы кошууну пландаштырып жатканын билдирди. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей