БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Токтобойм, болгону алдыга" Шаршенбековдун коло уткандан кийинки кайрылуусу

"Токтобойм, болгону алдыга" Шаршенбековдун коло уткандан кийинки кайрылуусу

Сүрөт: Кыргыз күрөш федерациясы

Париждеги Олимп оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло байгени уткан кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков бул Кыргызстандын жеңиши экендигин айтып, күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. 

Шаршенбековдун оюндан кийинки комментарийин Күрөш федерациясы социалдык баракчаларына жүктөдү. 

“Алтын байге үчүн келгенбиз, бирок кудайдын буйругу экен коло медаль алдык. Бул баарыбыздын жеңишибиз. Баарыңыздарга терең ыраазычылык! Кудай буюрса муну менен токтобойбуз. Кудай алдыда дагы көп жакшы нерселерди даярдап турат. Алдыдагы спорчулар алтын утсун”- деген спортчу.

Шаршенбеков коло үчүн күрөштө ирандык атаандашын 3:1 эсебинде жеңип, Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгесин куржунга салды. Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова күмүш медалды утуп алды. 

Шаршенбеков 25 жашта. Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимп оюндарына катышып 7-орунду ээлеген.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей