БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тоолуу аймактарда сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн. Тизме

Тоолуу аймактарда сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн. Тизме

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда 10-12-август күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу аймактарда сел жүрүшү жана таш кулашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Министрликтин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаменти сел тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо, айрыкча төмөнкү аймактарда жүрүшү мүмкүндүгүн болжолдогон. Мисалы:

- Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;

- Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Тороо райондорунда;

- Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;

- Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов жана Кемин райондорунда;

- Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда;

- Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда. 

Ошондой эле, таш кулашы мүмкүн болгон унаа жолдорунун тизмесин жарыялаган:

-​ Бишкек – Ош унаа жолу;

-​ Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу;

-​ Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолу;

-​ Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолу;

-​ Талды — Суу – Арал унаа жолу;

-​ Ош-Исфана унаа жолу;

- Мырзаке – Кара —Шоро унаа жолу;

- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолу.

ӨКМ жарандарды жана айдоочуларды сак болуп, кырсык болгон учурда министрликке кайрылууну өтүндү. 

Акыркы учурда Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон жаратылыш кырсыктары көп катталып жатат. Селдин көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 86%га өскөн. Өлкөдө быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 200дөн ашык сел катталып, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашкан. Соңку айларда суу ташкындан 19 адамдын өмүрү кыйылды. 

Жаратылыш кырсыгы эмнеге көбөйүп жатканы, анын кесепети жана табигый кырсыктарга мындан ары эмнеге даяр туруу керектиги тууралуу Т-Медианын материалынан таанышсаңыз болот. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей