БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Түркия Кыргызстандын 58,8 миллион доллар карызын кечти

Түркия Кыргызстандын 58,8 миллион доллар карызын кечти

Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Садыр жапаров

Түркия Кыргызстандын бардык карызын кечти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 5-ноябрда түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен биргелешкен билдирүүсүндө билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саламаттык сактоо, энергетика, экономика, айыл чарба, санариптештирүү, коопсуздук жана маданият тармактары боюнча маанилүү макулдашууларга кол коюлду. Ушул мамлекеттик сапар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабын ачкан, кыргыз-түрк мамилелеринин тарыхындагы маанилүү окуя болду десем жаңылышпайм”, - деди Жапаров.

Түркия Кыргызстандын карызын жашыл экономикалык долбоорлор үчүн кечкени кабарланды. 

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Түркия Кыргызстандын 58,8 миллион доллар карызын кечти деп билдирди. 

Кыргызстан 2012-2015-жылдар аралыгында социалдык жана экономикалык долбоорлорго деп 100 миллион доллар карыз алган экен. Учурда, анын 58,8 миллион доллары калган. 

Садыр Жапаров буга чейин тышкы карызды жашыл экономикага алмаштыруу боюнча демилге көтөрүп, өнөктөш өлкөлөргө жана каржы уюмдарына кайрылган. Бүгүн, Түркия президенти Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстандын 58,8 миллион доллар карызын кечти. Түрк президенти кесиптеши Садыр Жапаровдун карызды жашыл экономикага алмаштыруу демилгесин колдоду”,-деген Дайырбек Орунбеков. 

Эрдоган мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга 4-ноябрдын кечинде келген. 

Ошондой эле Эрдоган 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине катышат.

Түркиянын президенти бул жолу Кыргызстанга бешинчи ирээт келип жатат. Соңку ирет ал 2018-жылы келген. Өлкө башчысы болгондон бери экинчи жолу келиши.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала