БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Түркияда асма жолдун кабинасы кулап, кыргыз жараны жабыркады

Түркияда асма жолдун кабинасы кулап, кыргыз жараны жабыркады

Сүрөт интернеттен алынды

Түркияда асма жолдун кабинасы кулап кыргыз жараны жабыркады. Окуя 13-апрелде Анталья шаарында болгонун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркаган аял тик учак менен ооруканага жеткирилген. Ал оор жаракат алган эмес, далы жана буттун көгөргөн жерлери катталган.

Бейтап ооруканада реабилитациялоону улантат.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей