БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Түркияда дарыланууга жөнөтүлгөндөргө пландуу операциялар жасалып жатат

Түркияда дарыланууга жөнөтүлгөндөргө пландуу операциялар жасалып жатат

Иллюстративдик сүрөт

Түркияга дарыланууга жиберилген төрт кыргыз жарананына пландуу операциялар жасалып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, учурда бейтаптар реанимацияда, жанында жакындары бар. Кыргызстандын Башкы консулдугу жабыркаган жарандарга ар тараптуу жардам берип, дарыгерлер менен тынымсыз байланышта экенин белгилеген. 

Эске салсак, 4-февралда Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жана  тик учактын кулашынан жаракат алган кыргызстандыктар Түркиянын Адана шаарына дарыланууга жөнөтүлгөн. Аларды президенттик борт менен алып кетишкен. Бейтаптарды үй-бүлө мүчөлөрү жана кыргызстандык эки дарыгер коштоп кеткен. Аларды Кыргызстандын Антальядагы башкы консулу Рустам Кошонов менен Түркиянын башкы комбустиологу (күйгөндөрдү операция жасаган хирург), профессор Корай Даш тосуп алган

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырлыган. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланып, эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлгөн. 

Ал эми 17-январда борбор калаанын батыш жагында Ми-8 МТВ тик учагы кулап, бир учкуч каза таап, борттогу калган кызматкерлер ооруканага жаткырылган.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей