БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Түркиянын президенти Кыргызстанга келди

Түркиянын президенти Кыргызстанга келди

Сүрөт Президенттик администрациянын баракчасынан алынды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен 4-ноябрдын кечинде Бишкекке келип конду. Аны эл аралык "Манас" аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алганын анын басма сөз катчысы билдирди. 

Аба бекетке Ардак кароол тизилип, түрк делегациясына кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасы тартууланды. 

"Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган" деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Эрдоган 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине катышат.

Түркиянын президенти бул жолу Кыргызстанга бешинчи ирээт келип жатат. Өлкө башчысы болгондон бери экинчи жолу келиши.

Автор: Анарбаева Наргиза > 173 макала