БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Түркмөнстан Кыргызстанга 2 миң тонна суюлтулган газ жөнөттү

Түркмөнстан Кыргызстанга 2 миң тонна суюлтулган газ  жөнөттү

Интернеттен алынды

Бул тууралуу turkmenportal.com сайты жазды. Маалыматка караганда буйрукка Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кол койгон.

Мындай чечим Кыргызстандын энергетика тармагындагы оор кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Гуманитардык жүктү жеткирүү үчүн 53 темир жол цистернасы даярдалган.

3-февралда Кыргызстанга Өзбекстан жөнөткөн гуманитардык жардам келген. Ыкчам штабдан билдиришкендей, коңшу өлкөдөн миң даана газ баллон «Бек-Абад» бекети аркылуу Жалал-Абад шаарына кирип, Бишкекке жөнөтүлгөн.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей