БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Түшүмдү химиялык дарыларсыз коргой ала турган курт-кумурскаларды билесизби?

Түшүмдү химиялык дарыларсыз коргой ала турган курт-кумурскаларды билесизби?

Коллаж

Түшүмүңүздү "зыянкечтерден сактайм" деп тескерисин кылып жатканыңызды билесиз? Химиялык дарылардын түшүмүңүзгө жана айланага зыянын түшүндүрөбүз.

Жыл сайын короодогу түшүмдү зыянкечтерден коргоо үчүн химиялык дарыларды колдоносузбу? Бирок, ошол зыянкечтерди дарысыз эле жок кылып, түшүмүңүздү коргой турган курт-кумурскалар да бар. А сиз болсо химиялык дарыларды чачып, зыянкечтер менен кошо жашообузга пайдалуу коңуздарды да уулап жатасыз. Натыйжада дарыларды мурдагыдан да көп колдонууга туура келет. А бул болсо, сизге жана айлана-чөйрөгө зыян.

 

Химиялык дарыларды же пестициддерди көп колдонуунун кандай зыяны бар?

  • Пестициддердин калдыктары топуракта, жер астындагы сууларда жана абада калып калат дагы уулуу зат менен булгайт;
  • Биологиялык өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө, корооңуздагы өсүмдүктөрдүн сапатынын начарлашына алып келет;
  • Жыл сайын пестициддерге ууланган болжолдуу 358 млн учур катталат;
  • Кош бойлууларга же балдарга таасири тийип калса, балада лейкемия оорусун пайда кылышы мүмкүн.

 

Эмне кылуу керек?

Сиз пестициддерди көп колдонбошуңуз үчүн "Климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу үчүн тажрыйбалар" топтомунан адистер айткан кеңештерди топтоштурдук.

 

Алар кайсы зыянкечтерден коргойт?

Жети тактуу эл кайда көчөт күнүнө 150гө чейин, кичине түрлөрү 60ка чейин мите курттарды жок кылат. Дуулдак суткасына 10дой курттарды жейт. Шылдырчымындын ар бир личинкасы 700гө жакын мителер менен азыктанат. Алтынкөздүн бир личинкасы 500гө чейин зыянкечтерди жок кылат.  

 

Бул энтомофагтарды кантип көбөйтүү керек?

Пайдалуу коңуздарды көбөйтүү үчүн алар жакшы көргөн өсүмдүктөрдү көбөйтүү керек. 

Бирикке Улуттар Уюмунун (БУУ) айлана-чөйрөнү коргоо программасы 2020-жылга чейин пестициддердин кесепетин азайтууну пландап, бирок ишке ашкан эмес. 2016-жылы дүйнөдө 4,1 млн тонна пестицид колдонулуп, 90-жылдардагы көрүнүштөн эки эсе көп болгон. 2020-жылдан кийин жылдык колдонуу темпи 3,7%га өсө баштаган.

Кыргызстан да мындай эл аралык келишимдерге мүчө жана пестициддерди колдонууну азайтуу боюнча программаларга катышта. Өлкодө химиялык дарылар өндүрүлбөгөнү менен жылына орточо 2 миң тонна импорттолуп келинет. Анын болжолдуу 600 тоннасы колдонулат. Мисалы, 2023-жылы айыл чарба министрлиги бир жылы ичи 615,4 тонна пестицид керетелээрин айткан. Кыргызстанда химиялык дарылардын ичинен эң көп гербициддер колдонулат. 

 

Графиканы түшүнбөй калбаңыз, гербициддер чөптөрдү өлтүрүүчү, инсектициддер курт-кумурскаларды өлтүрүүчү, фунгициддер өсүмдүктүн ооруларына каршы химиялык дарылар.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей