БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Түштүк Кореяда жүргүнчү ташыган учак кыйроого учурады
29-декабрдын таңында Таиланддан Түштүк Кореяга учуп келе жаткан учак кыйроого учурады. Учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгону кабарланууда. Кырсыктан кеминде 62 адам набыт болгону, каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымалдыгы айтылып жатат.
Түштүк Кореянын "Ренхап" агенттиги бир экипаж мүчөсү менен жүргүнчү куткарылганын, 85 адамдын сөөгү табылганын билдирди. Басылманын маалыматына караганда, Jeju Air аба компаниясына таандык жүргүнчү учагы Бангкокдон учуп чыккан. Сеулдан 288 чакырым аралыктагы Муан аэропортуна конордо конуу тилкесинен чыгып кетип, кашаага урунган.
Маалыматтарга караганда, 173 жүргүнчү Түштүк Кореянын, эки адам Таиланддын жараны болгон.
Кыйроонун себеби азырынча белгисиз.
25-декабрда Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы да Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган. Анда жалпы 67 адамдын 38и набыт болгон.
Кийин учак Орусиянын Куралдуу "Панцирь" деп аталган ракетасынын соккусунан жабыркаганы кабарланган.
28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Актауда кыйраган учак үчүн кечирим сурады. Ал каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган". Бирок Путин учакты орусиялык ракета атып түшүргөнүн так айткан эмес.
Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat