БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Түштүк Кореядагы абалга байланыштуу ТИМ кыргыз жарандарын сак болууга чакырды
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы акыркы кырдаалдарга байланыштуу кыргызстандыктарды тынчтыкка, этият жана өздөрүнө сак болууга чакырды. Ошондой эле зарылчылык болбосо жашаган жеринен чыкпоону, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарып, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга аралашуудан карманууну эскертти.
Министрлик белгилегендей, Сеулдагы элчилик Түштүк Кореянын тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта турат. Кандайдыр бир зарылчылык болсо кыргызстандыктар +82 10 9798 0951 телефон номуру аркылуу байланшса болот.
3-декабарда Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл өлкөгө аскердик абалды киргизди. Ал эми парламент депутаттары өлкө башчынын жарлыгын четке кагуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat