БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Туманбаев Бишкекте курула турчу жаңы стадиондун макетин жарыялады

Туманбаев Бишкекте курула турчу жаңы стадиондун макетин жарыялады

Жаңы стадиондун макети. Сүрөттөр Каныбек Туманбаевдин "Фейсбук" баракчасынан алынды

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкекте курулат делген 45 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жаңы стадиондун макетин жарыялап, алдыңкы күндөрү курулушу башталарын билдирди.

"Анын долбоорлоо (проектиси) жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралды. Буюрса алдынкы күндөрү курулуш ишин баштайбыз. Долбоорду УКМК төрагасы, Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Кыдыршаевич (ред-Ташиев) өз көзөмөлүнө алды", -дейт Туманбаев.

Буга чейин Министрлер кабинети стадиондун курулушуна Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлгөн. 

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Анда ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил машина жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Эки кабат трибуна, анын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот деп айтылган.

Автор: Т-Медиа > 354 статей