БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Туу боюнча мыйзам качан күчүнө кирери айтылды

Туу боюнча мыйзам качан күчүнө кирери айтылды

Кыргызстандын жаңы туусу

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" КРнын мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Гезит алдыдагы шейшемби күнү (26-декабрь) жарык көрөт.

"Мындан тышкары, ушул мыйзамга ылайык Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн (техническая спецификация) өз токтому менен бекитиши керек. Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат. Башкача айтканда белгилүү бир убакытты алат", - дейт Алагөзов.

Ал ошондой эле азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо талаптары жаңысы илинген учурда деле күчүндө кала турганын айтып, бул президенттин так тапшырмасы экенин кошумчалаган. 

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган. Ал эми 22-декабрда аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал арада Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиеди жоопко тартууну суранып, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Анда азыркы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш мамлекеттик символдорго өзгөртүү киргизе албай турганы айтылган.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты "өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу" экени белгиленген. 

Коомчулук желекти өзгөрүүгө каршы пикирлерди соцтармактарга байма-бай жазышууда.

Тууга каршы митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей