БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тууга каршы пикир билдирген бир нече жаран УКМКга суракка кирип чыкты

Тууга каршы пикир билдирген бир нече жаран УКМКга суракка кирип чыкты

Сүрөт интернеттен алынды

4-январда туу жөнүндө соцтармакта билдирүү жасаган бир канча жаран УКМКда сурак берген. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Абдирасулова туу жөнүндө пикирин билдиргендерге посту өчүргүлө деген талап болгонун жазган. Ал бул кадамды коркутуу деп атады.

“Бүгүн бир топ жарандарды УКМКнын кызматкерлери чакырып, туу жөнүндө жазган посторуңарды өчүргүлө деп "коркутуу" жол менен талап кылып жатышат. Ушул кылган нерсе мыйзамда көрсөтүлгөн чараларга киреби? Ошол жазылган постор кимге жана канчалык коркунуч келтирип жатат?”,- деп жазган Гүлшайыр Абдирасулова.

Укук коргоочу мамлекеттик органдарды мыйзам чегинде иштеп, жарандардын укугун коргоого чакырган. Ал буга чейин жаңы илинген туудагы 39 нур боюнча суроо болгонун ачыктаган.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да туу боюнча пикирин билдирген активист, журналисттер УКМКга суракка барганын жазып, Камчыбек Ташевге кайрылуу жасаган. 

УКМК бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек. 

Мамлекеттик туу расмий 2023-жылдын 26-декабрында өзгөртүлгөн. Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтына  бүгүн 1-январда жаңы туу илинген.

Коомчулук желекти өзгөрүүгө каршы пикирлерди соцтармактарга байма-бай жазышууда.

Жаңы желекте күндүн нурлары толкун сымал эмес түз тартылып, түндүккө дагы бир чамгарак кошулган. 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган.  Ал эми 22-декабрда аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиеди жоопко тартууну суранып, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Анда азыркы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш мамлекеттик символдорго өзгөртүү киргизе албай турганы айтылган.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты "өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу" экени белгиленген.

Тууга каршы митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алган.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей