БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тууну өзгөртүүгө каршы акция: активист суракка чакырылды

Тууну өзгөртүүгө каршы акция: активист суракка чакырылды

Сүрөт Афтандил Жоробековдун Фейсбук баракчасынан алынды

Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы акцияга байланыштуу жарандык активист Афтандил Жоробеков Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) суракка чакырылды. Бул тууралуу активист өзү 2-декабрда Фейсбук баракчасына жазды.

Жоробековду милициядан чыккандан кийин УКМК алып кеткен. Активист сурак 9-октябрда Бишкектин Горький аянтына уюштурулуп жаткан тууну өзгөртүүгө каршы чогулушка байланыштуу болгонун билдирди. 

Жоробеков 1-декабрда Бишкек мэриясына жазылган "9-декабрда Горький аянтында тууну өзгөртүүгө каршы чогулуш өткөрүү" тууралуу каттын сүрөтү менен бөлүшкөн. 2-декабрда мэрия Октябрь районунда тынч митингдерди өткөрүүгө болбой турганын кабарлады. 

Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Улан Примов иштеп чыгып, 29-сентябрда коомдук талкууга чыгарышкан.  Жогорку Кеңеш 29-ноябрда бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. 

Долбоордун максаты мамлекеттик символду жакшыртууга багытталганы жазылган. Алардын пикиринде, туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылат.

Кыргызстандын азыркы мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Мамат Сыдыков.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей