БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Тыгын жараткан Көкүм-Бий көчөсү: асфальт жазда басылат
16-октябрда Ош шаарындагы Көкүм-Бий көчөсүн оңдоо иштери башталган. Жумуш учурунда көчө жабылбай, курулуш техникалар каттам бар жолдо иштеп жатат. “Т-Медиа” оңдоп-түзөө учурунда тыгын жаралган жолдон сүрөт баян даярдады.
Көкүм-Бий көчөсүндө жалпы 4200 чарчы метр жол оңдолот. Учурда эски асфальт алынып жатат.
Айдоочулар жолду курган компания эски асфальтты алгандан кийин дароо тегиздебей жатканына нааразы. Анткени оюлган жерлерден унаалардын өтүшү кыйын болуп, тетиктери бузулуп жатканын айтышты. Анан да сааттап созулган тыгынга туш болушууда.
"Күнүгө эле ушундай тыгын. Азыр шаардын бардык жеринде ушул абал. Жолдун баары жаман. Кыскасы жакшы жол жок. Бир рессорум сынып калды эле. 10 миң 300гө жасаттым. Зыян болуп жатат да. Күйүүчү майдын чыгымын айтпай эле койоюн.Унаа базар иштеген күнү абал өтө начар болот. Баштагандан кийин бүтүрүш керек да", -дейт шаар тургундары.
Көкүм Бий көчөсү Араван районунан шаарга кирчүү жалгыз жол болгондуктан жабылган эмес. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы курулуш иштери 2025-жылы майда бүтөрү пландалганын айтты.
"Эски асфальттын баарын алышыбыз керек. Ага биздин физикалык жактан убактыбыз жетишпей жатат. Андан сырткары биз жолдун эски катмарын алабыз. Анан кайра толтуруп (засыпка) чыгабыз. Трамбовканын өзүнүн нормасы бар да. Алардын баарын жүргүзүп, асфальтка чейинкилерди даярдайбыз. Ошол нормага ылайык эрте жазда асфальт төшөө иштери башталат" - дейт Ош шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Темурлан Бакалов.
Эскисин алып, жаңы асфальт басууга 586 млн сом бөлүнгөн. Жумушту China Road and Bridge Corporation аткарып жатат.
Автор: Бурханов Байэл > 28 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat