БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Учуу тилкеси тоңуп калгандан улам Бишкек-Ош аба каттамдары кармалууда

Учуу тилкеси тоңуп калгандан улам Бишкек-Ош аба каттамдары кармалууда

Сүрөт окурмандардан келди

«Манас» эл аралык аэропортунун учу-конуу тилкелери катуу сууктан тоңуп калганына байланыштуу 16-декабрдын таңындагы каттамдар кармалып турат. Бул тууралуу "Т-Медиага" окурмандардын бири билдирди. 

Маалыматка караганда саат 07:10до уча турган учак ушул сааттарда (10:38) учуп кете албай турат. Окурман самолетто 80ден ашык жүргүнчү бар экенин айтты. Ал эми күтүү залында кийинки каттамды күтүп дагы 100дөн ашык адам отурат. 

Аэропорттун басма сөз кызматы жаралган кырдаал боюнча комментарий бере элек. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей