БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК 24.kg басылмасына тинтүү жүргүзүп жатканы айтылды

УКМК 24.kg басылмасына тинтүү жүргүзүп жатканы айтылды

Сүрөт: 24.kg

Бүгүн, 15-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 24.kg редакциясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган басылма телеграм каналына жазды.

Маалыматка караганда, атайын кызмат кеңсеге басылманын юристтерин киргизбей жатат.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери келишти. Биздин редакциянын кеңсесинде тинтүү жүрүп жатат. Адвокаттарды имаратка киргизбей жатышат. Азырынча эч нерсе түшүнүксүз", -деп айтылат маалыматта. 

Азырынча УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей