БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловду кармады

УКМК Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловду кармады

УКМК тараткан сүрөт

Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Ал мыйсамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаган деп айыпталууда. 

Атайын кызматтын басма сөз кызматы 15-апрелде маалымат таратып, Сазыкулов тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталганын белгиледи. 

"Бишкек шаарынын администрацияларынын биринин жетекчиси болуп турган С.М.Ш. мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектине негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган. Тактап айтканда, ал өзүнүн компетенциясынын чегинен чыгып, шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ак ниетсиз ишкердик субъектине бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң АКШ долларын түзөт", -деп айтылат маалыматта. 

Аны менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун профилдик органдары тарабынан 300 чарчы метрди түзгөн коммерциялык объект эч кандай уруксат документтери жок курулганы аныкталган. Ошонун негизинде бузулууга тийиш болгон. Бирок вице-мэр өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп, бул процессти токтотуп, ар кандай тоскоолдуктарды жаратканы айтылат. Натыйжада мыйзамсыз объект демонтаждалган эмес.

"Аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер да С.М.Ш. тарабынан демилгеленип, аны өткөрүүдө да коррупциялык факты аныкталды. Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала анализинин жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштер 6-7 миллион сомго ашыкча бааланган", -деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча өзүнчө иш жүргүзүлүп, текшерүү иш-чаралары уюштурулуп, керектүү экспертизалар дайындалган. Ал эми козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри С.М.Ш. жана ишкер Т.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Атайын кызмат берген С.М.Ш. деген инициал Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун аты-жөнүнө туура келет. 

47 жаштагы Сазыкулов Каржы министрлигинде, Мамлекеттик кызмат агенттигинде, өкмөттүк аппаратта иштеген. Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болгон. 2015-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун уюштурууну өнүктүрүү департаментинин башчысы болуп иштеген. Андан кийин Бишкек мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары болуп дайындалган.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей