БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директору кармалды

УКМК: Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директору кармалды

Сүрөт: УКМК

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталып, мекеменин башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Улуттук коопсуздук комитетинен билдиршти.

Атайын кызмат тараткан маалыматта шектүү мектептердин жана бала бакчалардын директорлорунан системалуу түрдө акча алып турганы айтылат.

"А.Б.Т. окуу жайларды текшерүү жана ревизия жүргүзүү шылтоосу менен мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринен такай акча "чогултуу" менен алектенери аныкталды", - деп айтылат  маалыматта.

Атаган кылмыш ишин тергөөнүн алкагында шектүүнүн жашаган үйүнөн акча каражаты табылган. Ал 10-июлда УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо уланып жаткандыгы да айтылды.

Кылмышка шектүүнүн жакындары жана жактоочусу комментарий бере элек.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей