БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Молдобекованын жардамчысы алдамчылыкка шектелүүдө

Депутат Молдобекованын жардамчысы алдамчылыкка шектелүүдө

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 12-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси кармалганын кабарлады. Ал алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоого шектелүүдө. 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды бергени аныкталган. Мыйзамсыз ишке кирип, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөнү айтылат. Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда. 

"Мындан сырткары кармалган жаран ортомчулук кызматын көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардын ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган", -деп жазылат маалыматта. 

Жогорудагы кылмыштын белгилери боюнча ага карата кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Депутат "Альянс" фракциясынын мүчөсү Гүлкан Молдобекова 12-сентябрда парламенттеги иш бөлмөсү тинтүүгө алынды деген маалыматка байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берген. Ал өзү Өзбекстанда иш сапарда экенин белгилеп, тинтүү жардамчысына байланыштуу жүргүзүлгөнүн айткан.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей