БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун "Бойко"каймана аты бар мүчөсү кармалды

УКМК: Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун "Бойко"каймана аты бар мүчөсү кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Ош шаарында Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы “Бойко” каймана аты менен белгилүү Алмаз Абдукаримов кармалды. Бул тууралуу 25-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттинин басма сөз кызматы билдирди. 

Расмий маалыматка караганда, ал Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн "Кадастр” мамлекеттик мекемесинин  жана архитектуранын айрым кызмат адамдары менен тил табышып, айыл өкмөттүн аймагындагы 8414 гектар жайыттын 500 гектарга жакынын сатып жиберишкени аныкталган. Аталган жер тилкелери 10 миң долларга жана андан жогору баага сатылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген. 

Ошондой эле аффилирленген жактарга жайыт участоктору таризделгени, алар кийин башка адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга кайра сатылганы такталган.

Мындан сырткары бул ишке байланыштуу Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эске салсак: кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октярбда УКМКнын Бишкектеги атайын операциясында өлтүрлгөндөн кийин бир катар крим чөйрөнүн өкүлөрдөрү соцтармактарда мыйзамга баш ийип жашарын, кримтөбөл болбой турганын билдиришкен. Алардын арасында "Женго" каймана аты бар Кадырбек Досонов "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартканын айткан.

Досонов жер тилкесин мыйзамсыз басып алууга жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого айыпталган. 2021-жылдын февраль айында ал өзү УКМКга келгенин, андан кийин камакка алынганы айтылган. Былтыр сентябрда Жогорку сот анын иши боюнча эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, иштин материалдарын кайра кароого жөнөткөн.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кадырбек Досоновду Оштогу СИЗОдон Бишкекке которорун былтыр ноябрь айында паралменттин жыйынында билдирген. Мындан кийин ал Бишкекке которулган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей