БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара менен кармалды

УКМК: Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара менен кармалды

Сүрөт: УКМК

Бул тууралуу бүгүн 22-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат таратты. Анда шектүү 750 доллар алып жатканда колго түшкөнү жазылат.

"Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Т.Р.М. Кыргыз Республикасынын паспортторун берүү, ошондой эле кыргыз паспортун алууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандардан опузалап акча талап кылган. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүнө ("опузалап пара талап кылуу") ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада Т.Р.М. 750 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды."

Шектүү учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атайын кызмат козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалайт.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей