БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК Асанакунованын армиядагы зомбулук тууралуу айткандары тастыкталбаганын билдирди

УКМК Асанакунованын армиядагы зомбулук тууралуу айткандары тастыкталбаганын билдирди

Видеодон скриншот

Караколдогу №2028 аскер бөлүгүнүн кенже сержанты Жылдыз Асанакунованын жоокерлер кодуланганы боюнча маалыматы тастыкталган жок. Бул тууралуу 8-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Асанакунованын билдирүүсүнүн негизинде атайын кызматтын тиешелүү органдары, Жоокерлердин энелери комитети жана Аскер прокуратурасы биргеликте текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо, эс алуу шарттары, тамак-ашты сактоо, даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилген. 

Бир күн мурда Караколдогу №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунова социалдык тармак аркылуу президентке кайрылуу жолдогон. Беш мүнөттүк видео кайрылуусунда ал бир топ көйгөйлөрдү айткан.

"Жоокерлерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп, алардын колу-буту сынып, көзү кыйшайып калган учурлар бар. Ачык жана жабык сыныктар бар. Жаап-жашыруу болуп, аны ачык айтып чыккан мени аскер бөлүктүн командири оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, жеке жашоомо чейин кийлигишүү болууда. Мен бул тууралуу Бишкек шаарына чейин барып, жогорку кызматтагы аскер адамдарына айткам, бирок бул жерде "карга карганын көзүн чукубайт. Азыр ал жоокерлердин ата-энелери билишпейт, эч нерседен кабары жок. Эгерде ата-энелер билсе, катуу ызы-чуу чыгат. Ачык жана жабык сыныктан сырткары, жоокерлерге өлгөн малдын эти берилет. Кээде жакшы эт келет, кээде өлгөн малдын этин алып келишет. Анда да нөөмөттө туруп калган учурларда мен барып калам, "бул болбойт, өткөрө албайм" дегениме карабай "өткөрө бер" деген коркутуу болот. Каймак-майдын ордуна маргарин келет. Ал нерсеге да далилдерим бар, аудио жазууларды сактап жүрөм" болууда", -деген ал. 

7-февралда Чек ара кызматы кенже сержанттын айткандарына комментарий берип, кайрылуу боюнча иликтөө жүргөнүн, зордук-зомбулуктун белгилери аныкталбаганын билдирген. 

Кыргызстанда жоокерлерди уруп-сабаган окуялар буга чейин да болгон. Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган учурлар катталган.

"Т-Медианын" дата-бөлүмү Аскер прокуратурасы берген сандарга анализ жасап, акыркы беш жылда Кыргызстандын армиясында 96 жоокер зомбулукка кабылганын аныктаган. Эң көп учур 2019-жылы орун алган. Ал эми ачык булактардан чогулткан маалыматка ылайык, акыркы беш жыл ичинде аскердик кызматын өтөп жаткан уландар кабылган зомбулуктун сегиз учуру катталган. Андан бери дегенде 22 жоокер жабыркаган. Зомбулуктун дээрлик бардык түрү аскер бөлүктүн кызматкерлери тарабынан жасалган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей