БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Көлбаев, Матраимов менен байланышы бар 50гө жакын бажы кызматкери иштен алынды

УКМК: Көлбаев, Матраимов менен байланышы бар 50гө жакын бажы кызматкери иштен алынды

Сүрөт: Интернеттен алынды

Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу 18-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, алар «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кармалган. Жумуштан алынгандар Бажы кызматынын ведомстволук буйруктарды бузган деп айыпталууда. УКМК иштен алынган кызматкерлердин аты-жөнүн ачыктаган жок.

 «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда», -деп билдирди атайын кызмат.

Көлбаевдин өлүмү

Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында жок кылынганы 4-октябрдын кечинде кабарланган. Кримтөбөлдү кармоо учурунда ал УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай ок аткан. Натыйжада ага карата ок чыгарылып жок кылынган. Дарыгерлер Көлбаев ошол жерден каза болгонун тастыктаган. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан. Кийин Көлбаевдин 1 млрд долларлык мүлкү камакка алынган.

49 жаштагы Камчы Көлбаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турган. 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонуп, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Көлбаев эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары АКШнын Мамлекеттик департаментинин «кара тизмесине» кирген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей