БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК “КЖ ГРУППтун” ээси Имамидин Ташов кармалганын билдирди

Нет изображения

УКМК тараткан сүрөт

Муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "КЖ групп" курулуш компаниясын негиздөөчүлөрүнүн бири Имамидин Ташов кармалды. Бул тууралуу 27-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиршти.

 

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, ишкер Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталууда.

 

"Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы № 417 токтомуна ылайык, «О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынганы аныкталды. Бирок буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемелеринин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн. Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып жана инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн. Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында «О» ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аны сатып жиберишип, Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары шаарда жетишсиз болгон бала бакчадан ажыратылган. Ошентип, мамлекетке 52 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген, ал ушул күнгө чейин «О» СК тарабынан төлөнбөй келген",-деп жазылган маалыматта.

 

Атайын кызмат учурда ал компаниянын ээси Т.И.А. кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Ошондой эле  учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, тергөө иштери уланып жатканын да маалымдады.

 

Имамидин Ташов өлкөдөгү соңку президенттик шайлоого да катышкан жана жана 1.19% добуш алган.      

Автор: Т-Медиа > 355 статей