БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК тууну өрттөп, ак мата илип кеткен окуя боюнча алты адамды кармады

УКМК тууну өрттөп, ак мата илип кеткен окуя боюнча алты адамды кармады

Сүрөт: УКМК

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы эки мектеп жана уюлдук оператордун мамысындагы мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткен деп шек саналгандар, анын уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу 5-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Сузактын Бек-Абад айылында желекти өрттөгөн деген шек менен 16 жана 19 жаштагы жарандар кармалган. Алар "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү экени айтылууда.

УКМК бул иш боюнча жалпы алты киши кармалганын маалымдады. Алар 19 жаштагы жарандын апасы, 29 жаштагы агасы жана экстремисттик адабияттарды жайылткан деген айып менен дагы эки адам болгон. 

Кармалгандардын баарына тыюу салынган "ХТ" экстремисттик уюмуна мүчө болуу, айрым адамдарга таратуу максатында экстремисттик адабияттарды сактоо айыбы тагылууда. Ал эми желекти өрттөөнүн уюштуруучусу мамлекеттик символиканы жок кылуу боюнча да айыпталууда. Тергөө учурунда бардык кармалган адамдарга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Эске салсак, 30-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында №4 Б.Шамшиев атындагы жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин, ошондой эле Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратындагы мамлекеттик тууну атайылап өрттөп жок кылуу, кийин аларды арабча жазуусу бар ак тууларга алмаштыруу фактысы катталган.

31-май күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бек-Абад айылында "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү жактоочулары кармалганын кабарлаган.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей