БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Матраимов менен Көлбаевге байланышы бар 180ден ашык мамкызматкер иштен алынды

УКМК: Матраимов менен Көлбаевге байланышы бар 180ден ашык мамкызматкер иштен алынды

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев жана бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун "мафиясынын" мүчөлөрү менен байланышы бар 180ден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен алынганын билдирди. Бирок атайын кызмат алардын аты-жөнүн ачыктаган жок. 

Мекеменин басма сөз кызматы 11-декабрда тараткан маалыматка караганда, Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун "мафиясы" менен тымызын байланышта болгон 226дан ашык ар кандай кызматта отурган мамлекеттик кызматкерлер аныкталган.

"Бир эле Бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулса, Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын ичинен 14 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди. Жергиликтүү кеңештин алты депутаты мандатын тапшырды, 65 кызматкер райондук администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулду", -деп билдирди УКМК.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Матраимов жана Көлбаевге байланышы бар 202 кызматкер иштен алынганын айткан. Ал "мындан ары өлкөдө Көлбаевдин, Матраимовдун мафиялары болбойт" деп белгилеген.

Көлбаевдин өлүмү

Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында жок кылынганы 4-октябрдын кечинде кабарланган. Кримтөбөлдү кармоо учурунда ал УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай ок аткан. Натыйжада ага карата ок чыгарылып жок кылынган. Дарыгерлер Көлбаев ошол жерден каза болгонун тастыктаган. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан. Кийин Көлбаевдин 1 млрд долларлык мүлкү камакка алынган.

49 жаштагы Камчы Көлбаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган. 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонуп, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Көлбаев эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары АКШнын Мамлекеттик департаментинин «кара тизмесине» кирген.     

Автор: Т-Медиа > 355 статей