БАШКЫ БЕТ > Фактчек
УКМК онлайн шылуундардан алдангандарды каттап баштадыбы?
Жакында эле Улуттук коопсуздук кызматынын атынан ачылган сайттын шилтемеси соцтармактарда тараган. Сайтта президент шылуундарды жоопко тартары жана жабыр тарткандарга акчаны кайтарып берери айтылат. Атайын кызмат жабыркагандарга акчаны кайтарып берип, брокерлерди жазалап баштаганы белгиленген.
Шылуундардан жабыр тарткандарга онлайн түрүндө арыз толтуруу сунушталат. Система сиздин жеке маалыматыңызды сурайт.
Сайттын төмөн жагында каражаттарын кайтартып алган жарандардын сүрөтү менен билдирүүлөрү жайгашкан.
"Т-Медиа" маалымат коопсуздугу үчүн жарандарды аны толтурууну сунуштабайт. Себеби, бул кадимки интернет-фишинг.
Алгач биз Whois.com кызматынын жардамы менен сайттын доменди текшердик. Ал 2024-жылдын 7-августунда катталыптыр.
Бирок сайттын шилтемеси азыр иштебей калган.
Эми комментарий калтырган жарандардын сүрөтүн текшерели. Мисалы, Темирлан Аскаров деген бул жаран шылуундарга алдыртып жиберген акчасынан түңүлүп калганын жазган. Бирок Интерпол кайтарып бергенин белгилейт.
Бул жерде сиз күмөн санай турган биринчи жагдай - ал УКМК эмес Интерполго рахмат айтууда. Экинчи жагдай - сүрөттөгү жигит Темирлан Аскаров эмес. Казакстандык белгилүү актер Ануар Нурпеисов. Анын шылуундар колдонгон бул сүрөтүн алгач интернетке kino-teatr.ru сайты жүктөгөн. Бул басылма Нурпеисов тартылган тасмаларды жүктөп, анын бир нече сүрөтүн да жайгаштырган.
Акчасын кайтарып алганын айткан Алишер Исмаилов деген бул жарандын сүрөтү чынында алматылык юрист Ержан Есимхановго таандык. Есимханов аны "Фейсбуктагы" баракчасына 2013-жылы жүктөгөн.
Ал эми Мадина Жаксылыкова аттуу колдонуучунун сүрөтү казакстандык психолог-кеңешчи Жулдызай Назаровна Фортко таандык.
Сүрөттүн алгачкы булагын qazaquni.kz сайтында жарык көргөн"Жыл адам-2020 аныкталды" аталышындагы макаладан таптык. Бул сынакта ал "Жылдын тил ишмери" аталган.
УКМК эмне дейт?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул тууралуу жооп бере элек. Ал эми мекеменин расмий сайтында жабыркагандарга акчалары кайтарылып берилип жатканы тууралуу эч кандай маалымат жок.
Негизи мамлекеттик мекемелердин атынан биринчи ирет фейк маалымат тарап жаткан жок. Буга чейин вотсап тайпаларда, мессенжерлерде Эмгек министрлиги 25 миң сомдон жөлөк пул берип жатканы тууралуу билдирүү жайылган. Журналисттер анын кезектеги шылуундук экенин аныктап чыккан. Ал эми ведомоство жөлөк пул таратып атканын төгүндөгөн.
Ушундай эле онлайн шылуундар Улуттук банктын атын жамынып чоң суммада насыя алып койгон. Мекеме соңку учурда телефон чалуулар менен мындай фактылар көбөйгөнүн белгилеп, интернет колдонуучулар сак болушу керектигин эскерткен. Андыктан сизге келип жаткан каттарга олуттуу көңүл буруңуз. Эгерде күмөндүү шилтемелер болсо, такыр ачпай эле коюңуз. Себеби сиздин электрондук капчыктарыңыздан жана банктагы эсебиңизден акча уурдагысы келген шылуундар ушул сыяктуу жолдорду көп колдонот.
Жыйынтык: УКМКнын атынан ачылган сайт шылуундардын кезектеги аракети.
Автор: Т-Медиа > 384 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat