БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
УКМК Алтынбек Пирматовдун кармалышы боюнча түшүндүрмө берди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматовдун эмнеге кармалганын түшүндүрүп берди.
Мекеменин маалымат кызматы 2-декабрда тараткан кабарда ага "Туран" кичи районунун түштүк бөлүгүндөгү 2,2 гектар жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча иш козголгону айтылат. Тергөөнүн жүрүшүндө ал шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп турганда Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутатына сел сууларын агызуучу каналдын жерин жеке менчикке берүү үчүн жасалма аукционду уюштурууга көмөктөшкөнү аныкталган.
Пирматов Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча УКМКнын Оштогу башкармалыгын тергөө абагына киргизилген. 29-ноябрда Ош облустук соту анын баш коргоо чарасын карап, 27-декбарга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Буга чейин ушул эле факты боюнча Ош шаарынынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимовго, Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ашим Семетеев, Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошев жана "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мурдагы башчысы Ильяс Сансызбаевге кылмыш иши козголгон. Айрымдары октябрь айында үй камагына чыкканы белгилүү болгон.
Алтынбек Пирматов бул кызматка 2024-жылдын май айында дайындалган. Ага чейин Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетектеген. Ага буга чейин да, 2022-жылы "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон. Башкы прокуратура ал Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги эң чоң жарнамалык билбордду "мыйзамсыз бузуу" тууралуу иштин алкагында кармалганын маалымдаган. Кийин Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat