БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК райондук соттун судьясы пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди

УКМК райондук соттун судьясы пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт

УКМКнын демилгеси менен башкы прокурор Чүй облусунун Москва райондук сотунун төрт судьясына "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Пара алуу" жана "Пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 6-мартта атайын кызматтан кабарлашты. 

Мекеме тараткан маалыматка карганда, Москва райондук сотунун аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле башка судьяларды соттолуучу адамдардан акча алуу максатында кылмыш ишине тартуу менен судьялар уюштурган туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Анын негизинде райондук соттун судьясы 1500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. 

"Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К. 5-мартта  соттун кызматкери К.А.Д. аттуу ортомчудан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча оң чечим үчүн 1500 доллар  пара алып жаткан жеринен кармалды. Белгилей кетсек, кылмыш чөйрөсүнө аралашкан ар бир адам, анын катышуусунун негизинде опузалап алынган жалпы сумманын белгилүү бир үлүшүнө ээ болгон", -деп айтылат маалыматта. 

Кармалган судья 5-мартта Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынып,  УКМКнын тергөө абагына камалды. Ал эми ортомчу К.А.Д. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген. 

 Мындан улам учурда Чүй облусунун Москва райондук сотунун калган судьяларына укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу кылмыш иштерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей