БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
УКМК: Салык кызматынын төрагасы менен орун басары кармалды
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 6-декабрда билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, аты аталган жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган.
"Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана өз ишине ак ниет мамилеси өзгөчө мааниге ээ. Ал эми алар жасаган кылмыштар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешелерин "көмүскөдө" калтырууга жана республиканын экономикасына орду толгус зыян келтирүүгө мүмкүндүк берет", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.
УКМК коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын билдирди.
Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Буга чейин анын дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берип жатканы кабарланган.
Салык кызматы бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.
Атайын кызмат буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук башкармалыктарынын төрт жетекчисин (А.Р., Дж.У., А.Н. жана Т.А.) кармаганын билдирген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козголгон. УКМК салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин билдирген.
Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын дагы башка кызматкерлери кармалышы мүмкүн экенин билдирген.

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat