БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

УКМК Самат Матцаков боюнча комментарий берди

УКМК Самат Матцаков боюнча комментарий берди

Сүрөт: Кактус

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жактоочу Самат Матцаковдун кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Матцаков сот органдарынын ишенимине кирип, 22 миң доллар акчаны ээлеп алганы жазылат.  

Атайын кызмат жактоочуга Башкы прокуратура тарабынан экинчи кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал өзүнүн кылмышын жашыруу максатында жасалма документтерди жасаган деп айтыпталууда. 

"Ал кылмыш жосундарына катыштыгынын төгүндөлгүс далилдери документтештирилген", -деп жазылат маалыматта. 

Мындан улам 30-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Самат Матцаков УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 

Адвокатты атайын кызмат кармаганы 29-ноябрда белгилүү болгон.Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Матцаковдун үйүндө УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатканын соцтармактагы баракчасына билдирген. 

Матцаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ага "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун айткан. Ал үйүндөгү тинтүүдөн кийин тергөөчүлөр Имамидин Ташовдун ишине байланышы бар төрт дискти алып кетишкенин кошумчалаган.

Анын камалышын кыргызстандык укук коргоочулар, юристтер жана жарандык активисттер кескин сындашууда. 3-декабрда Бишкекте бир нече адвокат басма сөз жыйынын өткөрүп, кесиптешинин камакка алынышын айыптап, муну адвокаттардын эркиндигине жана адам укуктарына коркунуч катары сыпатташкан. 

Кыргызстандын Адвокатурасы кайрылуу жасап, Матцаковдун камалышы адвокаттык кесиптин көз карандысыздык принциптеринин, улуттук мыйзамдарда жана эл аралык стандарттарда каралган адвокаттык практиканын кепилдиктеринин сакталышына олуттуу шектенүүлөрдү жаратарын айткан. Ошондой эле мекеме Матцаковго айып коюлгандыгы жөнүндө расмий билдирүү албагандыгын баса белгилеген. 

Самат Матцаков камакта жаткан KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун адвокаты. Ошондой эле журналист Актилек Капаров, акын Аскат Жетигендин да укуктарын коргоп жүрөт.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала