БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Сузакта диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

УКМК: Сузакта диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Сүрөт: УКМК

31-май күнү "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун 6 активдүү жактоочулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. 

"Сузак районунун Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан. Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында экстремисттик мүнөздөгү көп сандагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылды. Бул адамдар «ХТИ» ДЭУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келишкен" - деп айтылат маалыматта. 

Учурда алар УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Атайын кызмат кармалгандардын башка кылмыштарга байланыштуулугун текшерүүдө. 

 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей