БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
УКМК: Ташиевдин атын жамынып алдамчылык кылган жаран кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төргасы Камчыбек Ташиевдин уулунун атын жамынып, алдамчылык менен алектенип жүргөн жаран кармалды.
Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, шектүү ар кандай маселелерди чечүү үчүн жарандардан ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, кийинчерээк жогорку кызматтагы адамдардын жакын туугандары менен жеке тааныштыгын жамынып алып өз милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгы аныкталган.
"УКМКга Т.Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аталган Ж.И.Р. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун атына жамынып алып, 240 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алгандыгын билдирген", -деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жыйынтыгында шектүүнүн УКМК төрагасынын жакын туугандары менен эч кандай мамилеси болбогону аныкталган. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган. Тергөө иштери улантылууда.
Мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын же алардын жакындарынын атын жамынып, түрдүү жолдор менен акча алуу, талап-тоноо иштери болгону тууралуу буга чейин да кабарланган.
Автор: Боромбаев Максат > 127 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat