БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ташиев: кийинки президенттик шайлоого катышпайм
Бул тууралуу Камчыбек Ташиев 17-декбарда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ташиев өз сөзүндө президент Садыр Жапаров ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеп, мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы эки жолу президенттик шайлоого талапкерлигин койгонго укугу бар экенин айтты.
"Азыркы Конституция боюнча Садыр Жапаров эки жолу президенттикке койгонго укугу бар. 2027-жылы беш жыл, андан кийин дагы беш жылга койгонго укуктуу. Ушул убакта президентти толук колдойбуз"-деди ал.
Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров беш жылдык мөөнөткө 2021-жылы шайланып келген. Кийинки президенттик шайлоо 2025-жылы өтөт.
Автор: Осмонова Айдана > 804 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat