БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК улут аралык кастыкты козутуучу видеолорду жүктөбөөгө чакырды

УКМК улут аралык кастыкты козутуучу видеолорду жүктөбөөгө чакырды

Сүрөт: интернеттен алынды

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин жүктөгөн видеосу улут аралык кастыкты козутушу мүмкүн болгон жаранга түшүндүрүү иштери жургүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК Астанадагы ат оюндарынын кийин айдоочу Казакстандын желегин жерге түшүрүп жатканы тартылган тасманын ээсин тапкан.

"Фейсбук" социалдык тармагында "Косай Сүйүнкулов" аттуу интернет колдонуучусу кыргыз жараны Казакстандын желегин демонстрация менен түшүрүп жаткан видеороликти таратып, бул социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан ар кандай пикирлерди жараткан. Видеонун автору аныкталып, жаран эмоционалдык аракеттерди жасагандыгын мойнуна алган" - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат жарандарды коңшу өлкөлөр менен достук мамилеге зыян тийгизүүчү видеолорду, чакырыктарды жана түрдүү аракеттерди кылбоого чакырган.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей